• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде жаңы үч автобус каттамга чыкты

25 Үчтүн айы 202316:50 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын ноябрында Баткен шаарына биринчи жолу алып келинген алты автобустун үчөө бүгүн, 25-январдан баштап каттамга чыкты. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, маршруттук каттам Жибек-Жолу, И. Жусупов, Сайдиман ажы, К.Тумаматов, И. Раззаков көчөлөрүндө, Чет-Булак кварталы боюнча жүрөт. Жол кире акысы 15 сом.

Мэриядан кошумчалашкандай, автобустардын калган үчөө лицензия даяр болуп, тиешелүү уруксат берилсе катталган коюлмакчы.

Белгилей кетсек, Баткен шаарына биринчи жолу 6 автобус алып келинген. Шаар калкын тейлөөгө багытталган автобустар «Айыл Банк» тарабынан 6 жылдык мөөнөттө лизинг аркылуу алынган.

Количество просмотров: 107