• Шаршемби 17 Кулжа 2026
  • Среда 17 Июнь 2026

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы көтөрүлөт

17 Кулжа 202615:54 Бишкек Govori.TV

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, бул чечим жол кирени накталай эмес төлөмгө өткөрүү аракетине байланыштуу.


«Айдоочулар накталай төлөм болгон учурда кошумча киреше табам деп эреже бузуп айдашат. Ошондуктан накталай эмес төлөмгө өтүүнү көздөп жатабыз. Ошол эле учурда айдоочулардын айлыгы 30 пайызга жогорулатылат. 15 пайызы буга чейин көтөрүлдү, дагы ошончого көбөйтөбүз», — деди ал.

Буга чейин кабарлангандай, 1-июлдан баштап Бишкектеги автобустарда накталай төлөмдөр алынып салынат.

Количество просмотров: 24