1-июлдан тарта Бишкекте түнкүсүн дагы автобустар каттай баштайт. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, түнкү автобустар бардык каттамдарга киргизилет жана алардын ортосундагы аралык болжол менен 40 минутаны түзөт.
«Түнкү каттам 22:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин болот жана 1-июлдан тартып накталай эмес төлөмгө өткөндөн кийин киргизилет», — деди ал.