• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Баткенге 1 миң 332 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

23 Аяк оона 2022 9:58 Бишкек Govori.TV

Баткен облусуна жалпы 1 миң 332 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен 189 тонна ӨКМ тарабынан, 942 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 201 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 184 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда.

Алар:

  • Ош облусунда – 44;
  • Жалал-Абад облусунда – 13;
  • Нарын облусунда – 6;
  • Ысык-Көл облусунда – 64;
  • Талас облусунда – 43;
  • Чүй облусунда – 12;
  • Ош шаарында – 1;
  • Бишкек шаарында – 1.
Количество просмотров: 120