Кыргызстандын гуманитардык жардам кербени учурда Түркмөнстан менен Ирандын чектешкен аймагына жакын Серахс шаарына жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу иштери эртең, 7-апрелде бажы процедуралары толук аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
Эске салсак, жалпы көлөмү 129 тонна гуманитардык жардам жүктөлгөн ӨКМдин 7 унаасы 3-апрелде Кыргызстандан Иранга сапар алышкан.