Быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген.
Белгилүү болгондой, иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Атаханов ИИМдин Тергөө кызматында сурак берди. Ал Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында беш дарыгер кармалып, экөө кайрадан үй камагына чыгарылган.
15-майда ушул эле ишке байланыштуу мурдагы министр Динара Сагынбаева жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да камакка алынган.