• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЖАМКтын төрагасынын мурунку кеңешчиси Качкыналиев сот залынан бошотулду

23 Кулжа 2020 16:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча айыпталуучуларга өкүм чыгарды.

Ага ылайык, ЖАМКтын төрагасынын мурунку кеңешчиси Калыбек күнөөлүү деп табылды. Ага эки жыл эркинен ажыратуу чарасы чегерилди, бирок буга чейн камакта отурганын эсепке алганда, жазасын өтөп бүттү деп таанылды, сот залынан бошотулду.

Эске салсак, Батукаев “айыккыс илдетке чалдыкты” деген жүйө менен абактан мыйзамсыз бошоп, атайын коштоо менен Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы бул кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Бул факт боюнча А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Количество просмотров: 256