• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Баязова: «Каравандан» жыл сайын мамлекеттин бюджетине 74 млн киреше түшүп турат

9 Жалган куран 2020 11:39 Бишкек Govori.TV

«Караван» соода борборунан жыл сайын мамлекеттин бюджетине 74млн киреше түшүп турат. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта борбор калаадагы аталган соода борбордун сатуучулары маалымат жыйын учурунда билдиришти.

Ижарачылардын бири Лейла Баязова компания банкрот болбогонун салык жана социалдык төлөмдөр убагында төлөнүп жатканын ага карабай мамлекет имараттагы соода орундарды сатууну пландап жатканын айтат.

«Караван» соода борборундагы орундарыбыз электрондук сатыкка чыкканы жатат. Мурда бул борбор жеке адамга таандык болчу. Биз ал убакта соода орундарын өнүктүрүүгө насыяларды алганбыз. Салык төлөп келгенбиз. Күчүбүздүн баарын коротконбуз. Эми «Караван» мамлекетке өткөн соң, Мамлекеттик мүлк фонду биздин соода орундарын электрондук сатыкка койгону жатышат. Биз сатыкка коюлбасын деп талап кылабыз, — деди ижарачы Лейла Баязова.

Белгилей кетсек, «Караван» 2017-жылы Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевден алынып, мамлекетке өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 45