• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Караван» соода борборундагы коррупциялык схема аныкталды

15 Бирдин айы 2021 15:01 Бишкек Govori.TV

«Мүлк» ишканасы мамлекеттик бюджетке 367 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирген. Бул тууралуу 15-февралда Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Сотко чейинки иликтөөнүн натыйжасында мамлекеттик «Мүлк» ишканасынын жооптуу жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2017-жылдан бери өкмөттүн мүлкүн ижарага берүү боюнча № 507 токтомду бузуу менен электрондук аукциондорду өткөрүп, мүлктү келишим түзбөй туруп үчүнчү тараптарга кымбат акы менен ижарага берип келгени аныкталды.

«Мүлк» ишканасынын жетекчилери «Каравандагы» соода орундарын «өз адамдарга» арзан баада, ал эми көчөдөн келген кардарларга кымбат берип турушкан.

Бишкектеги «Караванга» окшош башка соода борборлорунда 1 чарчы метрдин ижара акысы 70 доллардан 200 долларга чейин бааланат. Аудиторлор Бишкекте соода борборлорундагы орточо ижара акысын 50 доллар деп эсептешти. «Караванда» бул баа 7 доллардан 20 долларга чейин болгон.

Аудитордук текшерүүнүн натыйжасында соода борборуна байланыштуу дагы бир топ каржылык мыйзам бузуулардын бети ачылды. Алсак, дегеле бул жашоодо жок эле адамдарга айлык берүү, тийиштүү талаптарды аткарбай мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү сыяктуу бир катар алешемдиктер бар.

Аталган соода борборундагы мындай мыйзамсыз иштер анын ижарачылары Финансы полициясына кайрылгандан кийин териштириле баштаган.

Бишкек шаарын 2008-2010-жылы башкарган мурдагы мэр Нариман Түлеевдин жакындарына таандык «Караван» соода борбору сот чечимине ылайык 2017-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өткөн. Кийинчерээк ал «Мүлк» ишканасына берилген.

Аталган мекеме 2020-жылдын 15-августунан тартып ижарачыларга карыздарын төгүп, имаратты бошотуп беришин талап кылган. Жаңы тартип боюнча соода орундарын электрондук портал аркылуу ижарага алуу сунушталган. Соодагерлер порталдагы ижара акысы кымбат экенин айтып жатышат.

Количество просмотров: 104