• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Базар-Коргондо балатыны өрттөп кетишти

1 Үчтүн айы 202210:10 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда орнотулган балатыны белгисиз жарандар өрттөп кетишти.

Маалыматка караганда, 31-декабрь күнү таңкы саат 05:00 чамасында өрт чыккан. Балатыдан алыс эмес жерде желим бөтөлкөдө бензин да табылган. 

Базар-Коргон райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө таңкы 05:40 чамасында борбордук аянттагы балаты күйүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Өрт өчүрүүчүлөр балатынын күн батыш тарабындагы бөлүгүн өчүрүп жетишкен.

Количество просмотров: 190