• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Базар-Коргондо шайлоо учурунда чыр чыкты

4 Тогуздун айы 2020 18:42 Бишкек Govori.TV


Жалал-Абад облусуна караштуу Акман айылындагы №2127 шайлоо тилкесинде чыр чыкты. Чырдын чыгышына №2 форма менен шайлоодо добуш берүүгө барган 300дөй адамды жергиликтүү тургундар добушканага киргизбей койгону себеп болгон.

Айыл өкмөт башчысы Марсел Көкөнов азыркы тапта чыр жөнгө салынып, шайлоочулардын бардыгы добуш берүүгө киргизилгенин «Азаттыкка» билдирген.

«Чыр чыккан участокко өкмөттүн райондогу ыйгарым укуктуу өкүлү да барды. Жалал-Абад облусу боюнча кечки саат 17:00гө карата шайлоочулардын 38, 84% добуш берди»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда буга чейин №2 форма менен добуш бериш үчүн 500 миңдей адам арыз жазган болчу.

Количество просмотров: 136