• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тууну өзгөртүү сунушу: Кайсы депутат кандай добуш берди

29 Жетинин айы 2023 12:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берди.

Долбоорго депутаттар Нилуфар Алимжанова, Сеидбек Атамбаев, Дастан Бекешев, Тазабек Икрамов, Арсланбек Малиев, Кубанычбек Самаков, Максатбек Сарбагышев жана Эмил Токтошев каршы добуш берди.

Добуш берүүдөн соң келген депутат Мирлан Самыйкожо добуш берүүгө катышпаганы айтып, ал үчүн башка бирөө «макул» добушун берип койгонун билдирди.

Количество просмотров: 152