• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тууну өзгөртүү долбооруна кайсы депутат кандай добуш берди?

20 Бештин айы 2023 11:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда карап, кабыл алды.

Мыйзам долбоору дароо добуш берүүгө коюлуп, экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат колдоп, беш депутат каршы чыкты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

19-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети да документти дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрдагы экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге өзү бергенин айтты. Мамлекет башчы залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранып, делегаттардын айрымдары кол чапкан. Бирок желекти өзгөртүү демилгеси колго салынып, добуш берилген эмес.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Социалдык тармактын колдонуучулары желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип, катуу талаш жаралууда.

Количество просмотров: 149