• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Базарбеков: Соттор көз карандысыздыкка жете элек

26 Бирдин айы 202411:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда соттор толук көз карандысыздыкка жете элек. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда өткөн маалымат жыйында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков билдирди.

Анын айтымында, сот тутумундагы реформа иштери аягына чыга элек.

«Соттор көз карандысыздыкка жете элек деген пикирлер коомчулукта айтылып жатат. Мен дагы ага кошулам. «Соттор көз карандысыздыкка жетти» деп реформадан кийин айтсак туура болот»,-деди Базарбеков.

Количество просмотров: 76