• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сот отурумдарын чагылдыруудагы тоскоолдуктар боюнча Базарбеков эмне дейт?

26 Бирдин айы 2024 12:06 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бүгүн, 26-февралда маалымат жыйын куруп, ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди. Анда журналисттер соттук процесстерди чагылдыруудагы тоскоолдуктар тууралуу кеп козгошту.

Базарбеков сот тутумунун маалыматтык ачыктыгын камсыз кылуу үчүн соттор менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өз ара байланышы тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду.

«Соттор тарабынан мен айткан талаптар жогорку деңгээлде аткарылбай жатат дегенге толугу менен кошула албайм. Ошол эле учурда кээ бир судьялар тарабынан «ЖМК өкүлдөрүн ачык соттун жыйынына катыштырбай коюп жатат» деген маселелерди кулагым чалып жүрөт, кабарым бар. Аларга талапты катуу коюп жатабыз. Албетте бул туура эмес. Мындан сырткары, соттордун ачык-айкындуулугун көрсөтүү үчүн алар сиздердин алдыңарда күчүнө кирген чечимдер боюнча маалымат берип койсо болот. Ал эми күчүнө кире элек өкүмдөр боюнча бере алышпайт. Ушул сыяктуу маалыматтарды бизге фактыга таянып бериңиздер»,-деди ал.

Количество просмотров: 64