Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын кызмат ордуна президент тарабынан сунушталган талапкерлерди колдоп берди.
Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбеков ал эми Конституциялык соттун төрагалыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлиги сунушталган.
Белгилей кетсек, Замирбек Базарбеков буга чейин президент Садыр Жапаровдун жактоочусу болгон. 1989-жылдан тартып прокуратура жана адвокатура тармагында иштеп келген. 2020-жылдын декабрь айында ал Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Былтыр июнда Жогорку соттун судьясы болгон.
Эмил Өскөнбаев буга чейин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары кызматында болчу.
Буга чейин Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеев жана Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.