• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Бажы кызматынын башчысы президенттен тил укту (видео)

28 Теке 202316:48 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков президент Садыр Жапаровдон тил укту.

«Ыңгайлуу шарт түзүп алганга эмне тоскоол болуп жатат, айтчы. Акчаң жокпу, реконструкция кылганга эмне тоскоол болуп жатат? 5-августка чейин сметаңды жазып алып, мага келесиң. Мен акча таап берем, 1-октябрга чейин бүтүрөсүң. Эки жыл болуптур иштегениңе, ошондон бери ушул сунушту киргизбей эмне кылып жүрөсүң? Ар бир жетекчи иштеп жаткан жериңерге шарт түзүп беришиңер керек… Мамлекетти багып жаткан жердин бири ушул жай да. «Ооба» дейсиң да анан эки жылдан бери отурасың», — деди президент.

Кошумчалай кетсек, Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бүгүн «Эркеч-Там» автоунаа өткөрмө пунктунун иши менен таанышып, модернизациялоону тапшырган.

Количество просмотров: 102