• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бажыкана 2,3 млн. сомдук машине мыйзамсыз киргенин таап чыкты

28 Аяк оона 202411:52 Бишкек Govori.TV

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана анын Түндүк аймагы боюнча бажыдан кийинки контролдоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте, бажы мыйзамын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады.

        Текшерүүнүн жүрүшүндө КР жараны А.у.А. Россиянын мамлекеттик органы тарабынан берилген транспорт каражаттын каттоо күбөлүгү бар, 2005-жылы чыгарылган Lexus GX470 маркасындагы транспорт каражатын алгачкы каттоодон өткөргөн.

        Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, Россиянын Федералдык Бажы кызматынын маалыматына ылайык, автоунаа Россиянын аймагына Грузиядан “убактылуу киргизүү” бажы жол-жобосу менен алынып келинген, бирок автотранспорт «ички керектөө үчүн чыгаруу» бажы жол-жобосу боюнча таризделген эмес. Автоунаа каражаты ЕАЭБдин бажы аймагынан мыйзамсыз өтүп кеткени аныкталып, мамлекеттик бюджетке 2 347 709 сом зыян келтирилген.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 143