8-октябрда саат ондор чамасында Чүй проспектисинен “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаа жол чийининен 45 жаштагы аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи билдирди.
Аялды сүзүп кеткен 23 жаштагы эркек болгон.
Натыйжада жабырлануучу баш мээсинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Экспертиза дайындалып, унаа убактылуу айып пул төлөөчү жайга киргизилди.