Жогорку Кеңешинин депутаты Надира Нарматова Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Бул мыйзам долбоору бир катар сын-пикилер менен коштолуп, Кыргызстандын жарандык коомунун өкүлдөрү 2022-жылдын 21-ноябрында депутаттын демилгесине тынчсыздануусун билдиришкен.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары бейөкмөт уюмдардын ишин чектөө тууралуу мыйзамды колдойбу? пикирин билип көрдүк.