• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бейшеналиев: Той-мааракелерге көзөмөл күчөтүлөт

26 Тогуздун айы 202011:32 Бишкек Govori.TV

Өлкөбүздүн аймагында коронавирус инфекциясын жаңы жуктаргандардын саны азайбаганына байланыштуу той-мааракелерди, куран окутуу иш чараларын өткөрүүдө көзөмөлдү күчөтүү тууралуу өкмөткө сунуштама бердик. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, тойлорго байланыштуу буга чейинки кабыл алынган токтом иштебей жатат.

«Илдеттин саны өсүп жатат. Той-мааракелерде ооруну жуктуруп алуу тобокелдиги жогору болгондуктан азырынча көп адамдарды чогултуп мейман күтүүгө көзөмөлдү күчөтүү тууралуу сунуштама бердик», — деди Бейшеналиев.

Количество просмотров: 121