• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бек-Абад өткөрүү пункту бүгүн түштөн кийин убактылуу жабылат

10 Тогуздун айы 202410:59 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Бек Абад – автодорожный” өткөрүү пункту 10-октябрда, саат 15:00дөн баштап 18:00гө чейин убактылуу жабылаарын Чек ара кызматы кабарлады.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу аталган бекеттен адамдар жана транспорт каражаттары өткөрүлбөйт.

«Бек-Абад» – Жалал-Абад облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан.

Количество просмотров: 143