Бек Борбиев: «Өмүрбек Бабановду чакырып келишибиз керек»
Бек Борбиев: «Өмүрбек Бабановду чакырып келишибиз керек»
20 Жетинин айы 201816:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.11.2018.Govori.TV
Кечээ 19-ноябрда, «Апрель» телеканалы экс-президент Алмазбек Атамбаев менен түз эфирде маек уюштурган. Маек учурунда экс-президент өкүнүчүн, кубанычын жана учурдагы кырдаал боюнча айткан. Бүгүн ырчы жана обончу Бек Борбиев өз оюн жеке баракчасына жазды. Ал Өмүрбек Бабановду алып келүү учурдун талабы болуп турат деп жазып чыкты.
» Өмүрбек Бабановду чакырып келишибиз керек. Акыркы убактагы өлкөдөгү саясий кырдаал мына ушуну талап кылып турат. Саясий күчтөрдүн балансы үчүн, дегеле кечээги трайбалисттик интервьюдан кийин Өмүрбекке окшогон бир лидер сөзсүз керек экендиги ачык айкын көрүндү. Акыркы шайлоодо өлкөнүн жарымы дал ошол жигитке добушун бергени жалганбы.. Айтор ушул убакта Өмүрбек Кыргызстанга зар болуп Москвада жатат эмес, тескерисинче, Кыргызстанга замандашыбыз Өмүрбекке зарыл болуп турган чагы!»,-деп жазды.