Борубашов Бекбосун Ишенбекович президенттин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппараттынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Бакыт Тыналиева 2024-жылы президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагалыгынан бошотулган. Ошондон бери төраганын орду бош болчу.
Бөрүбашев Конституциялык кеңешменин төрагасы болгон. Ал Кыргыз-Россия Славян университетинин Эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын башчысы болгон, юридика илимдеринин доктору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор.