• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Балыкчыга жаңы мэр дайындады

14 Теке 202512:47 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарына жаңы мэр дайындады.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жантаев Баатырбек Темиржанович Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды.

Количество просмотров: 447