• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Бекешев кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү туура эмес деп эсептейт

6 Үчтүн айы 2022 13:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрүн Казакстанга киргизүү туура эмес деп эсептейт. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«2020-жылы июнда Убактылуу өкмөт ЖККУга аскерлерин Кыргызстанга киргизүү боюнча кайрылган. Анда Орусия жана Казакстан эстүүлүк менен баш тартып, алардын чечими туура болгонун тарых көргөздү. Эми Казакстан өзү ЖККУга тартип келтирип берүү үчүн кайрылып жатат. Бул ички көйгөйүн өз алдынча чече албаган бийликтин алсыздыгын көргөзүп жатат. Биздин өлкөгө бул чуунун кереги жок деп ойлойм».

Бекешев ЖККУ тышкы кол салуудан же өлкө ичиндеги террордук чабуулдардан коргоо үчүн түзүлгөн уюм экенин белгилеп, мыйзам боюнча бийликке каршы адамдын баарын террорист деп санап койсо болорун жазган.

Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу бул өлкөгө Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселеси караганы жатат. Кыргызстандын интернет айдыңында Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болгондор арбын экени байкалууда.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды «сырткы агрессия» деп атап, аларды «чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн топтор» уюштуруп жатканын билдирген.

Количество просмотров: 1189