• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бекмурзаев: Өлкө боюнча колдонуучулардын 60 пайызына электр жарыгы берилди

25 Үчтүн айы 2022 15:58 Бишкек Govori.TV

Республика боюнча колдонуучулардын 60 пайызына электр жарыгы берилди. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда Ысык-Көл жана Нарында электр жарыгы калыбына келтирилди.

“Калгандары бир нече сааттан кийин калыбына келтирилет” , — дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы өчүп калган.

Улуттукэнергохилдингдин басма сөз кызматынан агенттикке билдиришкендей, авария Борбордук Азиянын Бириккен энергетикалык системасынын (UES CA) өлкөлөрүнүн биринде болгон.

Количество просмотров: 132