• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Кооптуу жүк» рейди өтүп жатат

23 Теке 202517:22 Бишкек Govori.TV

Өлкө аймагында коопту жана оор жүктөрдү ташыган унааларды текшерүүгө багытталган «Кооптуу жүк» рейди башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралар Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан 23-июлдан 2-августка чейин өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөт.

Текшерүүнүн алкагында Бишкек — Нарын — Торугарт, Бишкек — Ош багытында оор жана коопту жүктөрдү ташыган унаалардын техникалык абалы жана тийиштүү уруксат кагаздары текшерилип, аныкталган кемчиликтер үчүн катуу чаралар көрүлөт.

Количество просмотров: 81