• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бекназаров: Жээнбеков Атамбаевдин таасиринен биротоло айрылды

24 Жетинин айы 2018 12:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.11.2018.Govori.TV.

Эл башы, журт башы, президенттер жөнүндө сөз болуп жатканда, мен да өлкө жетекчилерин мактасам дейм, бирок президенттерди сындоо, алардын кол тийбестигин алуу, аларга кылмыш ишин козгоо вазийпасы жүктөлүптүр. Мындай пикирин саясатчы Азимбек Бекназаров курултайда сөз сүйлөп жатып билдирди.
Ал бийликке, аракетте турган президентти сындаган докладдан качканын белгилейт. Себеби кыргыз саясий элитасында айрыкча өздөрүн акылдуубуз, интеллигентпиз деп жүргөн социалдык чөйрөдө президентке сын айтуу акылсыздык деп эсептейт. Ал мындан тышкары, Жээнбековдун президенттик кызматты аткарып жатканына бүгүн туптуура бир жыл болгонун, бул аралыкта анын иштөөсүнө эч ким тоскоол болбогонун айтты.
“Сооронбай Жээнбеков экс президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен кызматка дайындалды. Мурунку бийликтин колдоосу менен келген кишинин иштеп кетүүсүнө убакыт керек. Жээнбеков от Атамбаевдин таасиринен биротоло айрылды. Буга ишенгениме 5 күн болду», — деди Бекназаров.
Количество просмотров: 34