• Бейшемби 22 Чын куран 2021

Бектурганов: 644 адам коронавируска каршы эмделди

6 апреля 2021 в 11:20 Бишкек Govori.TV

5-апрелге чейин жалпы 644 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ыктыярдуу эмдөө үчүн Кытайдын «Синофарм» дарысы пайдаланылып жатат.

Эмделген жарандар;

– Бишкек шаарында 214 адам;

– Ош шаарында 258 адам;

– Чүй облусунда 109 адам;

– Ысык-Көл облусунда 43 адам;

– Ош облусунда 20 адам.

Количество просмотров: 134