• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Беларус Жеңиш күнүн белгилөөнү чечти

21 Чын куран 2020 13:27 Бишкек Govori.TV

Беларустун Коргоо министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган парадды 9-майда өткөрүүгө жол берет деп эсептейт.

Бул өлкө жарандарынын коронавируска байланыштуу парадды өткөрбөө тууралуу чакырыктарга, кайрылууларга жооп иретинде айтылды.

Коргоо министри Виктор Хренин иш-чараны аскердик даярдыктын бир бөлүгү деп баалап, «вирус инфекциясына каршы күрөштө өлкөнүн потенциалын өстүрүүгө жардам берет» деп белгиледи.

Ага чейин бийлик 9-майдагы парадды өткөрбөө же жылдыруу маселеси «жада калса караштырылбай» турганын да билдирген эле.

Беларус — карантин чаралары киргизилбеген, коомдук иш-чараларды, анын ичинде улуттук футбол чемпионатын өткөрүүгө чек коюлбаган бирин-экин Европа өлкөлөрүнүн бири.

20-апрелге карата бул өлкөдө COVID-19 инфекциясынан жабыркагандар 6264кө жеткени расмий кабарланды. Алардын ичинен 51 киши көз жумду.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 53