• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Өлбөс полк” акциясы 9-майда өтөт

15 Чын куран 202512:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда “Өлбөс полк” акциясы 9-майда өтөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Афган согушунун жана куралдуу чыр-чатактардын «Күжүрмөн бир туугандык» ардагерлер коомдук кыймылынын төрагасы Абдыгул Чотбаев билдирди.

Ал белгилегендей, ошол эле учурда Бишкекте парад 8-майда өтөт.

«Старт Түштүк дарбазадан саат 09:00дө берилет. Акциянын катышуучулары Түштүк дарбазадан тарта Байтик баатыр көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Фрунзе көчөсү менен жүрүп отуруп, Жеңиш аянтына келет», — деди ал.

Количество просмотров: 149