• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Беларуста «Вагнердин» жалданма жоокерлери үчүн лагерлер даярдалууда

27 Кулжа 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Беларуста «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын жалданма жоокерлери үчүн чатырлардан турган лагерлер даярдалууда.

«Вёрстка» басылмасынын маалыматына караганда, лагерлердин бири Могилёв облусундагы Осипович шаарына жакын жердеги 24 миң чарчы метр аянтта ачылып, ал 8 миң жоокерге ылайыкташат. Осипович шаары украин-беларус чек арасынан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жалпысынан Беларуста «Вагнердин» бир нече лагери ачылат. Бирок азырынча алардын так саны боюнча маалымат жок.

«Вагнер» жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин 25-июнда Беларустун башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин өзүнүн куралдуу козголоңун токтоткону кабарланган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Пригожин Москвага жакындап калган «адилеттик жүрүшүн» токтотууга макул болгону айтылган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пригожин «Беларуска кетерин» билдирген.

Ал арада Орусияда «Вагнердин» курамына жаңы жалданма жоокерлерди кабыл алуу иши кайра жанданганы кабарланууда. ТАСС агенттиги дүйшөмбү күнү кабыл алуу жайлары Новосибирск жана Тюмень шаарларында ачылганын жазды. «Вагнердин» 24-июнда алынган жарыялары кайра калыбына келтирилүүдө. «Ротонда» басылмасы Санкт-Петербург шаарында «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын кеңсеси кайра иштей баштаганын кабарлады.

Количество просмотров: 103