Бишкектеги Беларусь өлкөсүнүн элчилигинин имараты курчоого алынды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 17:01 чамасында милицияга аталган элчиликтин имаратында жарылуучу зат тууралуу маалымат.
Жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Кызматкерлер жарандардын коопсуздугу үчүн аларды эвакуацияга алган. Ошондой эле ал жерге УКМКнын кызматкерлери дагы барып, текшерүү иштеринде аталган имараттын ичинен жардыруучу зат табылган эмес. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда жеринде кызматкерлер иштеп жатышат.