• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева дүйнөдөн кайтты

8 Бирдин айы 2022 17:56 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Малдыбаева 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жылдыз Малдыбаева 1946 — жылы 6-июлда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Фрунзедеги П. Шубин атындагы музыкалык мектепти жана М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. 1966-жылы У. Гажибеков атындагы Баку консерваториясында белгилүү композитор Кара Караевдин классынан билим алган. Эки жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, 1972-жылы бүтүргөн.

«Күнөстүү арал» көркөм фильмине, «Июлда үч күн», «Менин шаарым жөнүндө повесть», «Төрт сүрөт», «Оюмдагы жомок» даректүү жана балдар фильмдерине да музыка жазган. 1985-жылы Москвада өткөн Бүткүл дүйнө¬лүк жаштар менен студенттердин 12-фестивалында диплом менен сыйланган. Софияда, Прагада, Бухарестте, Түркияда, Россияда чыгармалары угуучуларга тартууланган. «Ырлар», «Фортепьяно үчүн пьесалар» жыйнактары, камералык оркестр үчүн сюитасы ж. б. чыгармалары бар.

Ал СССРдин эл артисти Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты , кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы.

Количество просмотров: 1380