• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жанкороз Каниметов каза болду

15 Теке 2020 11:20 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 14-июлунда педагог, педагогика илимдеринин доктору, мамлекеттик жана коомдук ишмер Каниметов Жанкороз Каниметович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэриясынан кабарлашты.

Каниметов Жанкороз Каниметович 1950-жылдын 30-мартында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылында туулган. Караколдогу мамлекеттик педагогикалык институтун, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн. Түп районундагы Сан-Таш айылынын Каркыра орто мектебинин, Арал орто мектебинин, Кайкин атындагы орто мектебинин директору, Ак-Суу райОНОсунда Элге билим берүү башкармалыгынын башчысы, Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинде бөлүм башчы, Ысык-Көл областтык билим берүү башкармалыгынын башчысы, Кыргызстандын Билим берүү кызматкерлеринин конгрессинин президенти, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, «Ысык-Көл» коомдук фондунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик Кыргыз-Түрк кызматташтык тобунун жетекчиси болгон. «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин проректору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, Москвадагы Эл аралык педагогикалык билим Академиясынын академиги. Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Кыргыз ССРинин Билим берүүсүнүн отличниги СССР Билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч жолку депутаты. Кыргыз Республикасынын «Мугалимдин статусу жөнүндө» Мыйзамынын, «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын, «Жалпы орто билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын автору.

Жанкороз Каниметович билим берүү системасында иштеген мезгилде өзүн жогорку денгээлдеги кесипкөй адис экендигин көрсөтө алган.

Ал өзүнө берилген милдеттерге чон жоопкерчилик менен мамиле кылаар эле. Ар дайым өзүнүн адистик денгээлин көтөрүүдө талыкпастан аракеттенип, өзүнүн кесиптештеринин арасында чон кадыр-баркка ээ эле.

Количество просмотров: 149