• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Белгилүү режиссер Бакыт Карагулов коронавирустун айынан каза болду 

27 Кулжа 202019:31 Бишкек Govori.TV

Белгилүү кинорежиссер Бакыт Карагулов көз жумду. Кабарды жакындары тастыктады.

Маалыматка ылайык, режиссер үч күн мурун жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, ооруканага түшкөн.

Кыргызстандын Эл артисти Бакыт Карагулов 1950-жылы, 12-августта Фрунзе шаарында туулган.  Москвадагы киноакадемияны аяктаган. «Айдагы жез кемпир», «Бороондуу бекет», «Саманчынын жолу», «Найман эненин көз жашы» жана башка фильмдерди тарткан.

Govori. TVнын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөт.

Количество просмотров: 221