• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Беназир Нурланова экономика министринин орун басары болду

27 Тогуздун айы 202516:10 Бишкек Govori.TV

Беназир Нурланова экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Нурланова Беназир Нурлановна 1995-жылдын 16-сентябрында Жалал-Абад шаарында (азыркы Манас шаары) туулган.

Беназир Нурланова экономика жана укук тармагында жогорку билимге ээ. Президенттин администрациясында жана Экономика министрлигинде эмгектенген. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Количество просмотров: 132