• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бензовоз күйүп кетип, айдоочу жаракат алды

3 Аяк оона 201811:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек 03.09.2018.Govori.TV.
Ош-Ноокат унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-сентябрда саат 22:10до ДАФ үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыккан. Кырсык Ош-Ноокат автожолунун 19-чакырымындагы Алмалык айылында болгон. Өрттүн кесепетинен бензовоз жакын жайгашкан үйдүн чатыры күйгөн. Айдоочу өзү жеңил жаракат алган. Өрт 23:30да толук өчүрүлүп, айдоочу Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.

 

 

Количество просмотров: 34