• Шаршемби 22 Бугу 2024
  • Среда 22 Май 2024

Бердникова менен Ложников 5-каналдан кетишти

15 Бештин айы 2017 13:19 Бишкек Govori.TV

«Бешинчи каналдын» жетекчиси Евгения Бердникова менен шеф-редактору Дмитрий Ложников иштен кетишти.

Бердникова анын ордуна ким келерин билбей тургандыгын айтты.

«Иштен кетүү боюнча арызды өз каалоом менен жаздым. Жаңы жылдан кийин жаңы жетекчи келет. Анын ким экендигин билбейм. Жаңы жетекчини дайындоо боюнча чечимди Мамлекеттик мүлк фондусу «Бешинчи каналдын» юридикалык түптөөчүлөрү менен биргеликте кабыл алышат», — деди Бердникова.

Дмитрий Ложников жетекчиликтин иштен кетиши телеканал жабылат дегендик эмес экендигин билдирди.

Жабык түрдөгү «Бешинчи канал» АКсы алгач КООРТ телекампаниясы болуп түптөлгөн.

 

Количество просмотров: 5