• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024
Iran’s President Ebrahim Raisi attends a military parade alongside high-ranking officials and commanders during a ceremony marking the country’s annual army day in Tehran on April 17, 2024. (Photo by ATTA KENARE / AFP)

Иранда президент Раиси менен коштошуу аземи өтүүдө

21 Бугу 2024 17:20 Бишкек Govori.TV

Иранда президент Эбрахим Раисинин тик учак кырсыгынан каза болгонуна байланыштуу беш күндүк аза күтүү жарыяланган. Шейшембиде Тебриз шаарында Раиси жана башка курман болгондорду эскерүү аземи башталды.

Андан соң сөөктөр Тегеранга жеткирилип, Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин жетекчилигинде негизги коштошуу аземи өткөрүлөт. Бейшемби күнү кечинде Эбрахим Раиси кичи мекени Мешхед шаарында жерге берилет.

Ал арада Иран бийлиги өлкөдө президенттик шайлоо 28-июнда болорун жарыялады.

Шайлоого чейин Иран Конституциясынын 131-беренесине ылайык, президенттин ыйгарым укуктары анын биринчи орун басарына өтөт. 2021-жылдан бери бул кызматты Мохаммад Мохбер аркалап келет.

ISNA маалымат агенттиги кабарлагандай, Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери тик учактын кыйрашынын себептерин иликтөө боюнча буйрук берди.

Иранды 2021-жылдын 3-августунан бери башкарып келген Эбрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгында каза болгон. Раиси жана Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, жалпысынан сегиз киши бараткан тик учак Азербайжан менен чек арадан кайтып келатып байланышка чыкпай калган. Тик учактын кыйроосунан эч ким аман калган эмес.

Количество просмотров: 67