• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024
default

Таласта “Бала-Саруу” ГЭСи ишке кирди

21 Бугу 2024 16:46 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө “Бала-Саруу” ГЭСин ишке киргизди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, «Бала-Саруу» кичи ГЭСи Киров суу сактагычынын төмөнкү бьефинде жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератору менен курулган. Электр энергиясынын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 млн кВт/саатты түзөт. Бул деген Талас облусунун эки районунун 19 миң абонентинин электр энергиясына болгон керектөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

ГЭСти ишке киргизүү аземинде сөз сүйлөп жатып, мамлекет башчысы дээрлик 90 пайызы тоолуу өлкө болуп, кокту-колотторунан көк-кашка суулары шаркырап аккан өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздиги кечирилгис көрүнүш, деп белгиледи.

Садыр Жапаров мамлекет себеп-жүйөлөрүн териштирип отурбай, мындан ары бул маанилүү тармакты өнүктүрүүнүн алгылыктуу жолдорун издеп, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга белсенди. Президент дал ушул жерге 2021-жылдын август айында келип, “мезгил кутусун” салуу менен ГЭСтин курулушу башталганын эске салды. Ошондо көп эксперттер мындай ГЭСти 3 жылдын ичинде куруп бүтүрсө болот деп боолголошкон эле.

“Биз “Бала-Саруу” ГЭСин долбоорлоо маселесин камтуу менен бирге 3 жылга жетпеген мезгил аралыгында куруп бүткөрүүгө жетиштик. “Бала-Саруу” ГЭСи — Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы чакан ГЭС куруу боюнча жүзөгө ашырылган алгачкы мамлекеттик долбоор. Бул долбоор мамлекет тарабынан электр кубатын өндүрүү тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет. Элибизге да, эл аралык коомчулукка да бийликтин ишенимин арттырат”, — деди президент.

Ал ошондой эле мурда мамлекеттик объектилерди куруу үчүн көп долбоорлорго эл аралык донорлордон насыяга каражат алып, ошол эле учурда аларды чет элдик ишканалар куруп келишкенин белгиледи.

Жапаров “Бала-Саруу” ГЭСин куруу үчүн техникалык-экономикалык негиздемени Энергетика министрлигине караштуу илим-изилдөө институту учурдун талабына дал келтирип кайра иштеп чыкканын, ал эми курулуш иштерин ата мекендик ишканалар алпарганын белгилей кетти.

“Бул ГЭСтин курулушуна катышкан мекендештерибиз зор тажрыйбага ээ, өз тармагынын жогорку квалификациялуу адистери болуп калышты. Бул биздин адистердин мындай долбоорду ишке ашырууга күчү жетээрин далилдеп турат. Мунун өзү мамлекет үчүн чоң сыймык”, — деп деди ал.

Ушул эле жерден Мамлекет башчысы баскычты басып, андан кийин кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч гидроагрегатта электр энергиясы өндүрүлө баштады.

Андан соң Президент Садыр Жапаров башкы башкаруу щитке барып, жабык бөлүштүрүүчү түзүлүштү көрүп чыгып, гидроэлектростанциянын машина залына барды.

“Бала-Саруу” ГЭСине жалпы жонунан 2,8 млрд сом жумшалды, анын ичинде Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун салымы да бар. Бул суммага гидроэлектростанциянын имаратынын курулушу, 110 кВ жабык бөлүштүрүүчү түзүлүштө жабдууларды монтаждоо, эки күч трансформаторун орнотуу жана узундугу 6,7 километр болгон “Бала-Саруу” — Кара-Арча жана “Бала-Саруу” — Покровка электр берүү чубалгыларын куруу иштери жүргүзүлгөн.

Количество просмотров: 62