• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Сот активист Жоробековдун ишин кайра тергөөгө жөнөттү

21 Бугу 202420:59 Бишкек Govori.TV

Камактагы активист Афтандил Жоробековдун ишин кайра тергөөгө жөнөтүү тууралуу мамлекеттик айыптоочу киргизген сунушту Ленин райондук сот канааттандырды.

Жактоочулар соттун бул чечимине апелляциялык арыз берүү жагын талкуулап жатышат.

Мамлекеттик айыптоочу тарап Жоробековдун ишине байланыштуу айрым маалыматтарды кайра тергөөдө тактоо зарылдыгын жүйө келтирген.

40 жаштагы активист мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн 2023-жылы 9-декабрда камалган. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Количество просмотров: 84