• Шейшемби 21 Жалган куран 2023
  • Вторник 21 Март 2023

Бердымухамедов Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө болорун билдирди

17 марта 2023 в 15:47 Бишкек Govori.TV

16-мартта Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитине катышкан Түркмөнстандын Элдик кеңешинин (Халк маслахаты) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстан жакын арада бул уюмга мүчө болоруна ишенерин билдирди.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, Бердымухамедов: “Түркмөнстан эми уюмга байкоочу эмес, чыныгы мүчө катары катышат”, — деген.

Мындан тышкары ал Түркия президентин Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүүнү колдогон.

Бердымухамедов Эрдоган менен 22 жылдан бери тааныш экенин белгилеп, аны өз эли гана эмес, жалпы мусулман элдеринин бейпил жашоосу үчүн улуу иштерди жасап жаткан дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчы деп атаган.

2009-жылы бул уюм Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши деген ат менен алгачкы саммитин өткөргөн. Ал учурда уюмга Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө болгон. 2019-жылы Өзбекстан уюмга мүчө болуп кирип, былтыр альянс Түрк мамлекеттер уюму деп аталып калган. Түркмөнстан менен Венгрия азырынча байкоочу макамга ээ.

Количество просмотров: 84

Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда