• Дүйшөмбү 17 Бугу 2021

Беш-Күңгөйдө дача өрттөндү

21 апреля 2021 в 18:12 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы айылында жайгашкан дачада өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма соз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт 20-апрель күнү чыккан.

“№1 тилкесинде жалпы аянты 50 чарчы метр турак үй толук, №2 тилкесинде 15 чарчы метр жыгач үй толук, №3 тилкеде жыгач устундуу тунике жабылган турак үйдүн 45 чарчы метр чатыры жана 2300 чарчы метр куураган чөп, камыш күйгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 101