• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Беш жылда Назарбаевдин кызына байланышы бар делген компанияга дээрлик $1,6 миллиард түшкөн

12 Үчтүн айы 2022 19:23 Бишкек Govori.TV

2016-жылдан бери «Оператор РОП» компаниясына утилизациялык алымдар катары жалпысынан 691,9 миллиард теңге (азыркы курс боюнча дээрлик 1,6 миллиард доллар) түшкөн. Бул тууралуу 12-январда Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев билдирди.

Ал бүгүнкү күндө алынган каражат мыйзамга ылайык сарпталып жатканын белгиледи.

«Алсак, ата мекендик өндүрүшчүлөргө буга чейин утилизациялык алымдар катары төлөнгөн 338,9 миллиард теңге кайтарылып берилди. Экологиялык маселелерди чечүүгө 102 миллиард теңге багытталса, салыктарга 49,1 миллиард теңге бөлүндү. Бүгүнкү күндө калган каражат экинчи деңгээлдеги банктарда сакталууда. Алар 220,6 миллиард теңгени түзөт», — деди министр.

Күн мурун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев утилизациялык алымдарды жыйнаган «Оператор РОП» компаниясын сынга алып, аны жабууну талап кылган. Бул ишкананы өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева менен байланыштырып келишет.

Брекешев бүгүнкү күндө министрлик өзүнчө мамлекеттик оператор түзүүнү, утилизациялык алымдардын тарифин кайрадан карап чыгууну, ошондой эле утилизациялык алымдардын эсебинен сатып алуучуларга ата мекендик транспорт каражаттары менен айыл чарба техникаларын берүүнү караштырып жатканын билдирди.

Бир канча жылдан бери утилизациялык алымга каршылык билдирип келген казакстандык автоунаа ээлери 2021-жылы #НетУтильсбору аттуу өнөктүк башташкан. Алардын айтымында, бул алымдардын жогору болгондугунан улам өлкөдө автоунаалардын баасы кыйла жогорулап, автопарктын көпчүлүгүн эски машинелер түзүп калган.

Количество просмотров: 324