• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

«Бийлик менен байланышым бар» деген жаран алдамчылыкка шектелип, кармалды

2 Жалган куран 2024 11:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 21-июнунда милицияга Т.И. аттуу жаран кайрылып, Ө. Б. жана Ш. Т. аттуу жарандарга карата чара көрүүнү суранган.

Себеби алар «облустун региондорунун биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем жана өлкө жетекчилиги менен байланышым бар» деген шылтоолорду айтып, жабырлануучунун 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алышкан.

Андан соң жүргөн жерин жашырып кетишкен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан 1992-жылы туулган Ө.Б. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар же жок экендиги такталууда.

Кошумчалай кетсек, кармалган жаран соцтармактын активдүү колдонуучусу Бекзат Өмүрбеков экени маалымдалууда. Ал социалдык тармактарда азыркы бийликти активдүү колдоп жүргөн.

Количество просмотров: 1417