• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Билим берүү министринин жаңы орун басарлары дайындалды

17 Жетинин айы 2023 19:16 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министринин жаңы орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-ноябрда Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков башка ишке которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бекжан Супаналиев мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ошондой эле министрдин мектепке чейинки жана мектептик билим берүү боюнча орун басары Аида Рысбаева кызмат ордунан бошотулду. Министрдин мектепке чейинки жана мектептик билим берүү боюнча орун басары болуп Муратбек Касымалиев дайындалды.

Санариптештирүү боюнча министрдин орун басары болуп Лира Самыкбаева дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жаңы дайындалган министрдин орун басарларын эмгек жамаатка тааныштырды.

Белгилей кетсек, Уланбек Усеков министрдин биринчи орун басары болуп 2023-жылдын 24-январында, Аида Рысбаева министрдин орун басары болуп 2023-жылдын 26-майында, Бекжан Супаналиев министрдин орун басары болуп 2023-жылдын 14-июнунда дайындалган. 

Количество просмотров: 223