Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри болуп дайындалды, — деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. «Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, билим берүү жана илим министри болуп дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.