Билим берүү министрлигинде каржылык бузуулар аныкталды
Билим берүү министрлигинде каржылык бузуулар аныкталды
18 Тогуздун айы 202415:43 Бишкек Govori.TV
Билим берүү жана илим министрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.
Аудиттин жыйынтыгында министрликте жалпы – 414 547,4 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды. Анын 78 200 сому калыбына келтирилди, эми дагы 154 180 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш. Анын ичинен:
КР бюджеттик системасынын бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жол берилген бузуулар – 10 314,4 миң сом; калыбына келтирүүгө тийиш — 422,8 сом.
КР бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 150 478,2 миң сом; калыбына келтирүүгө тийиш – 41 626,7 миң сом; калыбына келтирилди — 425,1 миң сом.
мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 123 839,4 миң сом; калыбына келтирүүгө тийиш — 87 255,2 мин сом; калыбына келтирилди — 72 842,3 миң сом.
эсептин жана отчеттуулук тартибин бузуулар – 89 191,1 миң сом; калыбына келтирүүгө тийиш – 24 539,0 мин сом; калыбына келтирилди – 4 932,7 миң сом.
мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар – 39 053,6 миң сом; калыбына келтирүүгө тийиш – 336,3 мин сом.
коллизиялар жана ченемдик укуктук актыларды жана эл аралык келишимдерди процедуралык бузуулар — 1 670,8 сом.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.